Тоң районунунда жазга даярдыктар жанданды

Бул туурасында Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди. Маалыматка ылайык учурда Кара-Шаар, Шор-Булак, Оттук айылдарында дин кызматкерлери менен айыл тургундарынын  катышуусунда мечиттердин айланасын тазалоо, көрктөндүрүү, ондоп-тγздөө иштери башталды.

Ошондой эле жергиликтүү жаштар уюму муктаж үй-бүлөлөргө, кары-картандарга жардам ирээтинде короо-жайларын тазалап беришүүдө.