Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинин окуучулары ишембиликке чыгышып, балдар-бакчасынын айланасын тазалашты

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинин окуучулары жана мугалимдери айыл өкмөттүн айланасын, стадион жана балдар-бакчасынын айланасын тазалашты.

Окуу жайдын мүдүрү Өскөн ажы Каландаров; «Тазалык – динибиздеги өтө баалуу асыл-сыпаттардын бири. «Тазалык – ыймандын бир бөлүгү» деген хадиске амал кылып, жамаатыбыз менен биргеликте айылыбызда ишембилик өткөрдүк».

Ошондой эле Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаевдин айтымында  Чүй облустук мусулмандар казыятынын буйругуна ылайык күн жылып, жаз мезгили кирип келгенине байланыштуу жер-жерлерде ишембилик өткөрүлмөкчү.