Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарды ак калпак күнү менен куттуктады

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу кыргыз элим, кадырлуу мусулман бир туугандар! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын атынан жана ошондой эле өзүмдүн атымдан бардык Кыргызстандыктарды бүгүнкү 5-март ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Динибизде баш кийимдин орду чоң. Кыргыз эли кылымдар бою баш кийимди аздектеп, кастарлап келген.  Ак калпак эзелтен эле кыргыз мырзаларынын улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын көөнөргүс мурасы. Эзелтен ислам динин карманып келген кыргыз элинин улуттук кийими, салт-санаасы, дегеле баардык багыты тутунган динге шайкеш келген. Элдин руханий дөөлөттөрү эриш-аркак, бири экинчисин кемсинтпей, сый-урматта өнүгүүсү зарыл.

Алла Таала бардык дуба, тилектерибизди кабыл кылуу менен берекесин жаадырсын! Мамлекетибизде ар дайым тынчтык, ынтымак жана биримдик болсун!

Жалпы кыргызстандыктарга чың ден-соолук, ийгилик жана аманчылык каалайм!

 

Сиздерди терең урматтоом менен,

Кыргызстан мусулмандарынын

Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев