Ош шаарындагы диний окуу жайлардын студенттери арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында олимпиада өттү

Ош шаарындагы диний окуу жайлардын студенттери арасында жаштардын илимге болгон кызыгуусун күчөтүү жана мугалимдердин жоопкерчилигин арттыруу максатында фыкх жана араб тили грамматикасы боюнча олимпиада болуп өттү. Иш чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев катышып, илим-бул карангыдан жарыка чыга турган жол экендигин баса белгиледи.

«Илимдүүлөр пайгамбарлардын мураскорлору, андыктан илим алуудан талыкпагыла»,-деди шаар казысы.

Олимпияданын жүрүшүндө атайын шаардык казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, жоболор бекитилип, сынактын катышуучулары үчүн атайын убакыт берилди. Сынак тест түрүндө өтүп, фикх сабагынан 50 суроо, ал эми араб тилинин грамматикасы боюнча 25 суроо даярдалган.

Сынакта “Козу кызы Бурмакан” атындагы медресинин студенттери жакшы натыйжа көрсөтүшүп, жыйынтыгында 1-орунга Рустамбек кызы Махралай, 2-орунга Махмудова Умида, 3-орунга Мээржанидин уулу Сакы татыктуу болду. Ал эми араб тилинин грамматикасы боюнча 1-орунга  Абдусаламова Дилбаро, 2-орунга Абдусалимова Мухаррам, 3-орунга Шамсутдинова Камола ээ болушту.