Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен келген журналистер Муфтияттын ишмердүүлүгү менен таанышты

«Умма» журналы Интерньюс уюму менен биргеликте уюштурган «Экстремизмдин алдын алууда аялдардын ролу» аттуу иш чарасынын алкагында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн жана жергиликтүү ЖМКлардан турган журналистердин делегациясынын медиа туру Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасына уланып, КМДБнын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.

Медиа турдун катышуучуларын Азирети Муфтийдин орун басары  Жоробай ажы Шергазыев баштаган КМДБнын бөлүм башчылары тосуп алышып, жалпы Муфтияттын аткарган иштери боюнча маалымат беришип, атайын журналистер үчүн уюштурулган сүрөт көргөзмө жана КМДБ тарабынан басылып чыккан китептер менен тааныштырып чыгышты.

Андан соң Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, фатва, диний окуу жайлар, үгүт-насаат, ажылык бөлүмүнүн башчыларынын катышуусунда тегерек стол өтүп, Исламдагы  аялдардын орду, экстремизмге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу тууралуу суроо-жооптор уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө журналисттер, Кыргызстанда аялдардын диний сабаттуулугун күчөтүү багытында кандай шарттар көрүлгөнүн,  аялдар менен биргеликте экстремизм жана радикализмге каршы иш алып барылабы?-деген суроолорун узатышты.

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып, Муфтияттын онлайн сайты, КМДБ облустук казыяттардын алдындагы аялдар борборлору менен тынымсыз иш алып барылаарын айтып, бул жаатта КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Муфтият тарабынан бекилген темалар боюнча сабактар өтүлөөрүн баса белгиледи.

«Кыргызстандын ар бир облусундагы казыяттардын алдында атайын аялдардын борборлору ачылып, активдүү иш алып барылууда. Жамал Фронтбек кызы Муфтият менен келишимдин негизинде иштеп, аялдарга экстремизм, радикализмдин алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Ал эми аялзатынын кандай гана суроолору жаралбасын облус, шаарлардагы казыяттардын алдындагы окуу борборлоруна кайрылышса болот жана ал жерлердеги курстарга дагы  катыша алышат»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн  башчысы Акимжан ажы Эргешов экстремизмдин алдын алууда бардык  мамлекеттик ведомстволор, укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүргөндүгүн айтып,  терс диний агымдардын алдын алуу иштеринде бардык күч  жумшалып жаткандыгын билдирди.

«Өлкөнүн бардык региондорунда түшүндүрүү иштери абдан кызуу жүрүп жатты. 2016-жылы Муфтияттын 60 пайыз иши экстремизм, радикализмдин алдын алуу болду»,-деди Акимжан ажы Эргешов.

Журналисттердин Ханафи мазхабы боюнча берген суроолоруна фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жооп берип, Кыргыз Республикасында расмий түрдө Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөөрүн билдирди.

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасы Ханафи мазхабы, Матурудий акыйдасынын  негизинде өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Биздин көптөгөн жаш балдарыбыз Египет, Түркия, Иордания, Малайзия  сыяктуу чет өлкөлөрдө диний илим алып келип жатышат. Алар КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан уруксаат алып, КМДБ менен ДИМК тарабынан түзүлгөн чет жердеги окуу жайлардын тизмесинен өзүнө ылайык болгон окуу жайды тандап алышат. Кайсыл жактан билим алып келишпесин  динди жеткирүү Кыргызстанда Ханафи мазхабы, Матурудий акыйдасынын  негизинде гана болуш керек»,-деди Равшан ажы Эратов.

Жыйындын соңунда «Умма» журналынын башкы редактору Элиана Сатарова Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы жамаатына абдан ыраазы болуп, Азирети Муфтийге «ыраазчылык» барагын тапшырды.