Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана Вашингтондун ар кыл ведомстволорунан келген өкүлдөр менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 7-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана Вашингтондун ар кыл ведомстволорунан келген өкүлдөр менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында кызматташууну жакшыртуу жана  терс диний агымдардын алдын алуу жаатында  пикир алышты.

«Ислам-тынчтыктын дини. Ислам дини эсктремизм менен терроризмди каралайт жана айыптайт. Экстремизм, терроризмдин Исламга эч бир тиешеси жок»,-деди Азирети Муфтий.