Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев эртен, 8-март күнү Каракол шаарынын тургундары менен «Филалий» мечитинде жолугушат

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев эртен, 8-март күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен «Филалий» мечитинде  жолугушмакчы.

Иш чаранын алкагында Азирети Муфтий жума баянын өткөрүп, андан соң суроо-жооп уюштурулмакчы. Муну менен катар адеп-ахлак, Ислам дининин баалуулуктары жана терс диний агымдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.