Азирети Муфтий Караколдогу «Филалий» борбордук мечитинде шаар тургундары менен жолугушуп, кошуналык милдеттер жана акылар туурасында баяндамасын жасады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 8-март күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Филалий» борбордук мечитинде шаар тургундары менен жолугушуп, кошуналык милдеттер жана акылар туурасында баяндамасын жасады. Азирети Муфтий кошуна менен ар дайым жакшы мамиледе болуу керектигин айтып, эгерде кимдин кошунасы ачка болсо аны тойгузуу жана ага кайрымдуу болуу соопту иштерден экендигин айтты. Ошондой эле кошунага зыян келтирүү шариятта оор күнөө экендигин эскертти.

«Биз дайыма кошуналарыбыз менен абдан тыгыз мамиледе болушубуз керек. Дайыма аларга кайрымдуу болуп, берешендигибизди көрсөтөлү»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий Каракол шаарынын тургундарын ынтымак менен биримдикке, конфессиялар арасындагы достукту бекемдөөгө чакырды. Жолугушуунун акырында суроо-жооп уюштурулуп, Азирети Муфтий шаар тургундарынын бардык суроолоруна жооп берди.