Талас облусунун казысы жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жакшыртуу керектигин райондун баш имам хатибдерине тапшырды

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев райондун баш имам хатибдери менен жолугушуп, аймактагы имамдардын эл менен иш алып баруусун жакшыртуу керектигин баса белгиледи. Муну менен катар облус казысы мектеп окуучулары менен тарбиялык жаатта иш жүргүзүү керектигин айтып, жаштар арасында байма-бай кездешип жаткан рекетчилик,  терс диний агымдар жана өз өмүрүнө кол салууну токтотуу керектигин билдирди.  Ошондой эле облус казысы мечиттердин каттоосун тездетүү керектигин айтып, имамдарга бир катар тапшырмаларды берди.