Чаткалда жаштар арасындагы кылмыштуулукту токтотууга багытталган тегерек стол өттү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Курулуш айылындагы Сатимбай Мырзалиев атындагы орто мектебинде  окуучулар жана ата-энелердин катышуусунда кылмыштын  алдын алууга багытталган тегерек стол уюштурулду. Иш чарага Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов, райондун ички иштер башкармасынын орун басары Замирбек Атаханов жана жаш өспүрүмдөр инспектору Жапарбек уулу Аскатбек катышып, кылмыштуулуктун кесепеттери, тарбия берүүдөгү ата-эненин орду жана жоопкерчилиги боюнча баяндамаларды жасашты.

«Биз ыймандуу, адептүү жана билимдүү жаштарды  тарбияласак кылшмыштуулукка жол берилбейт. Андыктан тарбияны үйдөн баштообуз зарыл»,-деди Кубанычбек ажы Токонов.