Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборундагы бүтүрүүчүлөр дипломдорго ээ болушту

Азирети Муфтий "Козу кызы Бурмакан" аялдар окуу борборундагы бүтүрүүчүлөргө диплом тапшырды
Азирети Муфтий «Козу кызы Бурмакан» аялдар окуу борборундагы бүтүрүүчүлөргө диплом тапшырды

Muftiyat.kg/27.06.2018/ Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборунда 2018-жылга карата бүтүрүүчүлөргө атайын диплом тапшыруу иш-чарасы болуп, саамалыкка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош шаарынын казысы Убайдила ажы Сарыбаев, ДИМКтин түштүк бөлүмүнүн башчысы И.Мурзабеков, Ош жана Жалал-Абад облустарынын казылары, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, медресе мугалимдери жана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү катышты. Бул күнү Азирети Муфтий бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, Куран Карим тууралуу кыскача баяндамсын жасоо менен мындан ары да алган билимди токтотпостон улантууга чакырды. Ал эми Ош облусу, Ош шаары, Жалал-Абад облустарынын казылары, ДИМКтин түштүк бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери өздөрүнүн куттуктоолорун айтып, каалоо тилектерин билдиришти.

Эскерте кетсек,  иш чара «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борбору тарабынан  өткөрүлдү.