2018-жылдагы чогултулган садака-битир муктаждарга таратылууда

2018-жылдагы чогултулган садака-битир таратылууда
2018-жылдагы чогултулган садака-битир таратылууда

Muftiyat.kg/27.06.2018/ Бүгүн, 27-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар жылы чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок, оорулуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берди. Иш чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын чарбалык бөлүм башчысы Алимбай ажы Эргешов жана КМДБнын бухгалтери Султан ажы Момунов катышып, Рамазан айында элден чогулган садака-битир муктаждар үчүн берилээрин, ал каражат Муфтияттын кызыкчылыгы үчүн иштетилбей тургандыгын айтышып, бул акча каражаты муктаждардын социалдык мүдөлөрүн орундатуу үчүн таратылаарын билдиришти.

Элибизге ыраазычылык билдирип кетели. Муктаждар үчүн ар жылы элибиз садака-битирлерин беришип, ал каражат жылыгы атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде таратылып берилет. Быйыл өлкө боюнча болжол менен 36792202 чогултулду. Учурда чогултуу иштери улантылууда,-деди Жоробай ажы Шергазыев.  

Топтолгон   каражаттардын;  

50% пайызы жергиликтүү мечиттерде калтырылат

15%  пайызы облустук казыятарга келип түшөт

15%  пайызы хатибиятарда келип түшөт

20%  пайызы Муфтиятка которулат

Берилип келген кайрымдуулуктун натыйжасында 2016-жылы Кыргызстан кайрымдуулук  жаатында  дүйнөлүк деңгээлде 83 орундан 17 орунга чыкты.

Муфтият 2017-жылы Чоң-Алай жана өзгөндөгү  жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын ичинен 8 үй-бүлөгө үй куруу үчүн 3 200 000 сомдук акчалай жардам көрсөттү

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу-Сай жана Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 8 үй-бүлөгө үй куруп берүү үчүн 3200 000 сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү. Демилге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев тарабынан көтөрүлүп, 2017-жылдагы чогултулган битир-садаганын эсебинен жаратылыш кырсыгынан жабыркаган ар бир үй-бүлөгө 400 000 сомдон жардам берилди.

2014-жылы республика боюнча жалпы 21 372 992 сом

2015-жылы Республика боюнча жалпы 31 112 350 сом

2016-жылы Республика боюнча жалпы 32 156 605 сом

2017-жылы Республика боюнча жалпы 33 668 886 сом битир-садака чогулган.