Бишкек шаарындагы «Тоиба Каси» мечитинде азан айтуу боюнча сынак өтүп, 35 талапкер ат салышты

Бишкек шаарындагы «Тоиба Каси» мечитинде райондун баш имам хатиби  Мухаммад ажы Аноркуловдун жетекчилиги астында азан айтуучулар арасында сынак өтүп,  жеңүүчулөр аныкталды. Алдыңкы орунду ээлеген азанчыларга шаардык турга катышууга жолдомо берилди.

«Биздин райондо 6 мечит бар. Жума күнү бардык мечиттерде жарыялар айтылып, азан айтууга катыша тургандарга жар салынган. Азан айтуу конкурсуна катышуу үчүн эч кандай чектөөлөр коюлган жок жана жалпысынан 35 талапкер катышты» — деди Мухаммад ажы Аноркулов.

Азан айтуу сынагына калыстык кылган Нуркамал каары Мизираимов азан айтуу эң сооптуу экендигин, ошол эле учурда азанды туура айтуу керектигин билдирди.