Чүй районунун баш имам хатиби болочок жоокерлер менен жолугушуп, мекенди коргоо боюнча баяндама жасап берди

Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев Чүй-Токмок аскер комиссариатынын башчысы, полковник Канатбек Жумашевтин чакыруусу менен 2019-жылы аскер кызматына чакырылган болочок жоокерлер менен жолугушуп, мекенди коргоо боюнча баяндама жасап берди.

«Мекенди коргоо,  сүйүү жана ага кызмат кылуу ар бир жарандын ыйык милдети»,-деди Сапарали ажы Акбаев.

Муну менен катар болочок жоокерлерге мекенге ак кызмат өтөө, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы орду, сабырдуулук туурасында дагы баяндамалар айтылды.