Түптүн Арал айылында акскалдардын катышуусунда «Айыл ынтымагы» аталышындагы жыйын өтүп, анда жашылдандыруу иштерине көңүл буруу керектиги айтылды

Түп районунун Арал айылынын борбордук мечитте «Айыл ынтымагы» аталышындагы жыйын өтүп, агы райондун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев катышты.

Жыйында көчөт отургузуу, тазалыкты сактоо, мечиттердин айланасын жашылдандыруу иштерин баштоо сунушу айтылып, баш имам хатиб бул соопту иштерден экендигин баса белгиледи.

Муну менен катар бул күнү айыл аксакалдары, айыл жаштары жана айыл башчы Болотбек Асановдун катышуусунда жыйын өтүп, анда ыймандуулук, адеп-ахлакты сактоо, терс диний агымдардын жалпы коомчулукка тийгизген терс таасири боюнча маалыматтар берилди.