Бишкек шаарындагы имамдар ишембиликке чыгышат

Бишкек шаарынын «Ынтымак» жаңы конушундагы «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» мечитинде калаадагы жалпы имамдардын катышуусунда жыйыны өтүп, анда ишембилик өткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

«Тазалык-Ислам динибиздин жүзү. Тазалыктын ар кыл жагы болот. Жүрөктүн тазалыгы, акылдын тазалыгы, ойдун тазалыгы жана дененин тазалыгы. Андыктан биз айлана-чөйрөнү тазалоого активдүү катышалы» -деди шаар казысы Садридин ажы Маджитов.

Муну менен катар шаар казысы имамдарга бир катар тапшырмаларды берип, ишембилик иш чараларын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүүнү милдеттендирди.