Москва Ислам Университетинин ректору Мухетдинов Дамир Ваисович Кыргызстан Ислам Университетин зыярат кылып, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү

Орусия Федерациясынын мусулмандар дин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары,   Москва Ислам Университетинин ректору Мухетдинов Дамир Ваисович кечээ, 11-мартта Кыргызстан Ислам Университетин зыярат кылып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Жолугушуунун алкагында Москва Ислам Университетинин ректору дин кызматкеринин негизги милдети жана анын коомдогу орду туурасында маалымат берди.

«Имам-бул мекенине жана элине кызмат кылган инсан. Бул абдан жоопкерчиликтүү жана ыктыярдуу кызмат. Ошондуктан студенттер ар тармактуу өсүп, ал ошол эле учурда бардык тармактын өкүлдөрү менен сүйлөшө билүүсү, тил табуусу керек»,-деди Мухетдинов Дамир Ваисович.

Муну менен катар ал студенттерди бат-баттан музейлерге барып турууга чакырып, тарых, маданият жана каада-салт ар бил элдин баалуулугу экендигин билдирди.

Иш чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КИУнун проректору Марс ажы Ибраев, Кыргызсан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси Азамат Исмагомбетов жана окуу жайдын эмгек жамааты катышты.