Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусия мусулмандар дин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Мухетдинов Дамир Ваисович менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 12-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия Федерациясынын мусулмандар дин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары,   Москва Ислам Университетинин ректору Мухетдинов Дамир Ваисович менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басарлары жана КМДБнын жалпы бөлүм башчылары катышып, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, дин башкармалыктар ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдөө жана достук мамилелерди мындан дагы жакшыртуу жаатында сүйлөшүштү.

Ал эми Орусия Федерациясынын мусулмандар дин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары 1-сентябрдан 1-октябрга чейин Москва шаарында маанилүү иш чаралар өтө тургандыгын айтып, эки тараптуу кызматташуу жакшыра бере тургандыгын билдирди.