Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген диний окуу жайлар арасындагы көчмө семинар «Ыйман Нуру» медресесинде өттү

Диний окуу жайлардагы мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген III-көчмө семинар Ноокен районунун Качкор-Ата шаарчасында жайгашкан «Ыйман Нуру» медресесинде уюштурулду. Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардагы араб тилинин грамматикасы, фикх, Куран сабагынан берген мугалимдер, уюштуруучулар  жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.

Ачык сабак араб тилинин синтаксиси – наху сабагы боюнча инновациялык усулда өтүлсө, “Аймактарды өнүктүрүүдө жана өлкөнү санариптештирүүдө диний лидер айымдардын орду” деген тематиканын алкагында класстан тышкаркы сабак уюштурулду. Ачык сабакта окуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтсө, класстан тышкаркы иште, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Класстан тышкаркы иште саламдашуу, хадис айтуу, көркөм окуу, лидер айымдардын орду, сахналашкан көрүнүш, логикалык суроо-жооптор рубрикалары камтылган.

Иш чаранын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана  класстан тышкаркы иштин өтүлүшүнө анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышты. Муну менен катар сабакты жакшыртуу максатында  сунуштарын беришип, иш чаранын жүрүшү тууралуу сунуш-пикирлерин билдиришти. Ал эми көчмө семинардын жыйынтыгында ачык сабакка “жакшы”, класстан тышкаркы иштин өтүлүшүнө “эң жакшы” деген баа берилди.