Талас шаарында азанчылар арасында сынак өттү

Талас облусунун мусулмандар казыяты “Мухаммад-Умар-Ош” коомдук бирикмеси менен биргеликте облус аймагындагы мечиттерде азанчылар арасында конкурс өтүп, 40 талапкер ат салышты. Сынак райондук денгээлде өткөрүлүп, ар бир райондон үчтөн азанчы тандалып алынды.

Азанчылардын сынагы Талас шаарында өткөрүлүп, ага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев катышып, казыят кызматкерлери калыстык кылышты.

Эскерте кетсек, 23-мартта облустук денгээлде азан сынагынын жыйынтыктоочу этабы болмокчу.