Ош шаардык мусулмандар казыяты демилгечи жаштар менен бирге Сулайман-Тоодо ишембилик өткөрүштү

Ош шаардык мусулмандар казыяты Сулайман-Тоо мечитинде “Жаштарды турмушка даярдоо” окуу курсунун студенттери менен биргеликте ишембилик өткөрүшүп, айлана-чөйрөнү тазалашты. Ишембиликке шаар казысы жана казыят кызматкерлери катышып,  Сулайман-Тоонун айланасын таштандыдан арылтышты.

“ “Тазалык- ыймандын жарымы”. Жаз айы келгендигине байланыштуу мындай иш чараларды көбөйтүп, соопту иштерге умтулуубуз зарыл”,-деди шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев.