Токмок шаардык хатибияты ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы менен биргеликте Жаңы-Жол айылындагы мектеп-интернатта билим алган 136 окуучуга керектүү жабдыктарды алып берди

Токмок шаардык хатибияты ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы менен биргеликте Жаңы-Жол айылындагы мектеп-интернатта билим  алып жаткан 136  окуучуну окуу куралдары менен камсыздады. Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымовдун айтымында кайрымдуулук ишине ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы активдүү катышып, демөөрчүлүк кылган.