Нарын шаарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дин кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучулары арасындагы кылмыштуулукту токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Нарын казыятынын билим берүү жана мечиттер бөлүмүнүн адиси Сейит ажы Исаев баш имам  хатиб Алмаз ажы Талипакунов шаарындагы бир катар мектетердеги окуучулар менен жолугушту.

Жолугушууга Нарын шаарындагы билим берүү башкармалыгынан, укук коргоо органдарынан,  прокуратура кызматкерлери, мугалимдер жана мектеп директорлору катышты.

Окуучуларга өткөрүлгөн жыйында  өспүрүмдөр арасындагы  зордук-зомбулуктарды болтурбоо, кылмыштардын алдын алуу, ата-энелердин жана соц педагогдордун жоопкерчилигин күчөтүү,  мектеп окуучулары менен тыгыз иштешүү темаларын талкуулашты.

«Окуучулар мектепте бир гана окуу менен алек болушу керек. Балдарга китеп окутууну адат кылып, кызыккан кесибине даярдыктарды башташы маанилүү»,- Сейит ажы Исаев.