Баткенде 74 жаштагы Алимжан ажы Тажибаев имамдык милдетин жаштарга өткөрүп берди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылындагы 74-жаштагы имам Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун ардак грамотасы менен сыйланды.

Ардак грамота «Аймактарды өнүктүрүү жана санарипташтирүү» жылына карата Баткен облустук мусулмандар казыяты динибизди элибизге жайылтууда, жаштарыбызды тарбиялоодо, коомубуздун, элибиздин биримдиги, ынтымагы,  руханий жактан өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү ак эмгегиңи жана үлгүлүү кызматы үчүн берилген.

“Алимжан ажы Тажибаев улгайып калгандыгына байланыштуу өз эрки менен кызматтын жаштарга өткөрүп берип жатат жана  анын эмгек жолу биз үчүн үлгү”,-деди облу сказысы.