Аалымдар Кеңеши тышкы алаканы жакшыртып, кыргызстандагы ар кандай диний агымдардын багыттарын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүшөт

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Аалымдар Кеңешинин “Коомчулук менен байланыш жана фатва маселелери” жана “Тышкы алака жана ажылык иштери” жумушчу топтору менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Жумушчу топтун курамы менен биргеликте бул күнү тышкы алакаларды бекемдөө багытында илимий макала даярдоо, кыргызстандагы ар кандай диний агымдардын жана жамааттардын багыттарын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү тапшырмалары берилди.

«Тышкы алака жана ажылык иштери боюнча жумушчу тобуна тышкы алакаларды бекемдөө багытында илимий макала даярдоо тапшырасы берилсе, кыргызстандагы ар кандай диний агымдардын жана жамааттардын багыттарын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү тапшырмасы коомчулук менен байланыш жана фатва маселелери боюнча жумушчу тобуна берилди»,-деди Аалымдар Кеңешинин маалымат кызматынан.

Жумушчу топтор менен болгон отурумга АКнын төрагасынын орун басарлары Ниязалы ажы Арипов жана Фархат ажы Юсупов катышып, жумушчу топтун мүчөлөрүнө тийиштүү иштер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.