Кара-Балта шаарындагы окуу жайларда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери башталды

Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттерине «Ислам баалуулуктары жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу» темасы боюнча лекция окулду.

Иш чарага Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев, «Куран Нуру» Ислам институтунун мүдүрү Акимжан ажы Эргешов, Жайыл РИИБинин экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн инспектору Нуржан Кезипбеков, окуу жайлардын мугалимдери жана 500гө чукул студент катышты.

Бул иш чара Кара-Балта шаарынын маданият үйүндө өткөрүлүп, анын алкагында катышуучулар терс диний агымдардын коомчулукка  тийгизген коркунучу, азгырыктарга бөгөт кою жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып баруу маселелери каралды. Иш чара суроо-жооптор менен коштолуп, жалпы катышуучулар кандай гана суроо жаралбасын адситерден жооп алуу керектигин баса белгилешти.