Ош облусунун казысы Аравандагы имамдар менен жолугушуп, эл менен тыгыз кызматташууну тапшырды

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, Араван районунун аймактагы имамдары менен жолугуп, учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулады. Дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда негизги төрт маселеге басым жасалды. Алар, мечиттерде азанды муфтият тарабынан бекитип берилген убакытта айтуу, жазгы бак дарак тигүү иштерин колго алуу ,  мечит ичинде КМДБ тарабынан келген маалыматтардын илинүүсү жана элге Ислам динин туура багытта жеткирүү керектиги айтылды. Ош облусунун  казысы Самидин каары Атабаев өз сөзүндө, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев тарабынан бекитилген  буйрукка ылайык, мечит имамдары жума күнү жума баянын  мамлекеттик тилде, эгер зарылчылык болсо орус тилинде айтууга чакырды.

Араван районундагы жолугушууга 100дөн ашык дин кызматкерлери катышып, соңунда облус казысы өлкөдөгү дин эркиндигине аяр мамиледе болуп, эл менен тыгыз кызматташууну мечит имамдарына тапшырды.