Ош облусунун казысы Араванга болгон иш сапары учурунда эл тарабынан оңдолгон көрүстөндү зыярат кылды

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, Араван районундагы көрүстөндөрдүн бирин зыярат кылып, жергиликтүү тургундардын аткарган сооптуу амалдарын алкоого алды. Көрүстөнгө заманбап даараткана, душ, таза суу  сыяктуу муктаждыктар курулган. Демилгечилердин сап башында Араван районунун тургуну Нурмамат аксакал турган. Анын айтымында алдыда көрүстөндүн айланасына тратуарлар салынып, жарандар үчүн бир топ шарттар жасалат. Облус казысы Самидин каары Атабаев жергиликтүү тургундардын  аткарган иш аракеттерин баалап, алардын акыларына дуа тилектерин айтып кайтты.