Медресе окуучулары спорттук мелдеште күч сынашат

АВЕП коомдук  уюму өлкөнүн түштүк регионундагы диний окуу жайлардын ортосунда спорттук  мелдеш өткөрөт.  Мелдешке Ош облусу, Ош шар,  Баткен  жана Жалал-Абад облусунун диний окуу жайларынан  жеңүүчү аталган студенттер катышат.  Спорттук иш чаранын максаты, район, шаарлардагы медресе окуучуларынын ынтымагын, биримдигин  бекемдөө жана ден соолукту спорт аркылуу чыңдоо болуп саналат. Диний окуу жайлардын студенттери  бир гана диний билими менен чектелбестен, кошумча пайдалуу кесиптерди үйрөнүшөт.

«Учурда диний окуу жайларда кол өнөрчүлүк, ширетүүчүлүк, ашпозчулук,  тигүүчүлүк кесиптери үйрөтүлүп, сертификаттар берилет. АВЕП коомдук уюму каржылаган спорттук ишчараны жалпы облус казылары колдоого алат»,-деди облус казысы Самидин каары Атабаев.