Манас районунун баш имам хатиби менен милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын кылмыштуулуктан оолак болууга чакырышты

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, Манас районунун  Май айыл аймагындагы мектепте билим берүү жана күч органдарынын катышуусунда  окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу жана жат көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча баяндама жасады.

Муну менен катар баш имам хатиб  окуучуларга рекетчилик жана суицид туурасында маалымат берип, анын  шарияттагы ордун  түшүндүрүп берди.  Ал эми өспүрүмдөр менен иш жүргүзгөн инспекторлор мыйзамда кылмыштуулукка баргандар үчүн кандай жазалар каралгандыгын айтышып, жаштарды терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырышты.