Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев “Билим берүү, илимий изилдөөлөр, мечит-медреселер” жана “Кадр саясаты, фискалдык көзөмөлдөө» жумушчу топтору менен жолукту

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Аалымдар Кеңешинин “Билим берүү, илимий изилдөөлөр жана мечит-медреселер” жана “Кадр саясаты жана фискалдык көзөмөлдөө» боюнча жумушчу топтору менен биргеликте кезексиз жыйын өткөрүп, учурдун орчундуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынга АКнын төрагасынын орун басарлары Ниязалы ажы Арипов, Фархат ажы Юсупов катышып, жыйынтыгында билим берүү, илимий изилдөөлөр жана мечит-медреселер боюнча жумушчу тобуна төмөндөгүдөй тапырмалар берилди:

  1. Диний билим берүү, илимий изилдөөлөр жана мечит-медреселер боюнча сапаттуу иш аракеттерди арттыруу жолдорун камтыган диний-илимий макалаларды даярдоо;
  2. Матурудия акыйдасынын фундаменталдык эмгеги болгон Абу Мансур Аль-Матурудийдин «Китаб ат-Таухид» аттуу эмгегин кыргыз тилине которуу боюнча проект түзүү;
  3. Диний окуу жайлардын билим берүү деңгээлдерин жогорулатуу жана бул иш аракеттерде көмөктөшүү максатында аймактагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышуу.

Ал эми кадр саясаты жана фискалдык көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобуна «Вакф» фондунун түптөлүүсү үчүн башка мусулман өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен таанышып, структурасын аныктоо менен  аталган маселе боюнча КМДБнын тийиштүү бөлүмү менен биргеликте иш алып баруу  тапшырмасы берилди.