Ош шаардык казыятында 3 айлык ишембилик жарыяланды

Ош шаардык казыяты 3 ай бою ишембилик өткөрүү максатында №19 буйругун чыгарды. Буйрукка шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев  кол койгон.

Мындай чечим Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий Алай” мечитинде жалпы шаар имамдары жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышкан жыйында кабыл алынган. Ош шаарынын мусулмандар казысы тазалык ыймандын жарымы экендигин айтып, мусулман адам тазалыкка жакшы көңүл буруусу керектигин баса белгиледи.

Муну менен катар жыйындын алкагында, ар бир мечит жана диний окуу жай ички-сырткы бөлүктөрүн оңдоп-түзөп, ар ишемби күндөрү мечиттердин айланасындагы дарактарды агартуу, арыктарды тазалоо, көчөт отургузуу, жашылдандыруу, таштандыларды тазалоо, жакын жайгашкан карылар жана балдар үйлөрүнө жардам берүү иши дин кызматкерлерине милдеттендирилди.

Жыйынга Ош шаардык ИИБдин 10-бөлүмүнүн, МУККнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү жана  ДИМКтин түштүк бөлүмүнүн адиси катышты.