Чүй өрөөнүндөгү мечиттерде ондоп-түздөө иштери башталды

Мечит имамдарынын демилгелери менен Чүй аймагындагы мечиттерде ондоп-түздөө жана курулуш иштери башталды.

Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы «Аъто» мечитинин имамы Таалайбек Ашырбековдун айтымында учурда айылдагы мечитте оңдоп-түздөө иштери кызуу жүрүүдө.

«Мечиттин сыртына чатырча курулуп, астына таманташ төшөлүп, даарат алуучу жайларда ондолуп, мечиттин айлана-чөйрөсү тазаланды»,-деди «Аъто» мечитинин имамы.

Ушундай эле иштер Аламүдүн районунун Салкын-Ордо жаңы конушундагы мечитте уланып, жарандар үчүн шарттар жакшырууда.

«Оңдоп-түздөө иштеринин негизинде жаңы мечиттин айланасы толугу менен тосулуп, сапарда жүргөн мусулмандарга бардык шарттары менен атайын өзүнчө бөлмө курулду. Ошондой эле мечиттин сыртына чатырча курулуп, жарандарга ынгайлуу шарттар каралды. Жалпысынан бул ишке демөөрчүлөр тарабынан 600 миң сомдон ашык каражат жумшалды»,-деди Абубакир Темирбаев.