Сары-Булак айылынын тургундарынын өтүнүчү менен кыздар үчүн англис жана араб тили курсу иштей баштады

Жайыл районунун Сары-Булак айылынын тургундарынын өтүнүчү менен кыздар үчүн англис жана араб тилин үйрөтүүчү курс ишке берилди. Сабакты «Абдулла бин Аббас» медресесинин бүтүрүүчүсү, Сары-Булак айылынын тургуну Акылай Турсунова өтүп, балдар үчүн эмгек кылууда.

«Айыл элинин суранычы менен мечиттин жанындагы идара оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, кыз балдарга таалим-тарбия берүү жана тил үйрөнүү үчүн тапшырылып берилди»,-деди айыл имамы Мырза ажы Төлөгөнөв.

Эскерте кетсек, Акылай Турсунова буга чейин англис тили боюнча атайын курстардан өтүп, эң жакшы деген сертификатка ээ болгон.