Ысык-Ата районундагы имамдар «Гүлзар» жетим кыздар үйүн зыярат кылышты

Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Убабеков баштаган имамдар Жээк айылында жайгашкан «Гүлзар» жетим кыздар үйүн зыярат кылышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен жолугушту.

«Гүлзар» жетим кыздар үйү Муса ажы Магомаевтин демөөрчүлүгү менен курулуп, анда спорт зал, компьютердик класстар жана атайын окууга ылайыктуу бөлмөлөр каралган. Азыркы учурда жалпысынан 108 өспүрүм кыз тарбияланса, анын ичинен 17 тоголок жетим, 44 жарым-жартылай жетим болсо калгандары оор турмуштун себебинен кароосуз калгандар. «Гүлзар» жетим кыздар үйүндө 6 жаштан 10 жашка чейинки кыздар тарбияланып келет.

Ал эми имамдар өз жардамдарын улантып турушаарын убада кылышып, балдар элдин, мамлекеттин келечеги болгондуктан билимге умтулуулары керек экендигин айтышты.