Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин жамааты төрт баланы жалгыз тарбиялап келе жаткан мээрман апага жардам көрсөтүштү

Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин имамы Хасан Рахимов жергиликтүү жамаат менен биргеликте, төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Гүлкайыр Балтабаеванын жашоо-турмушу менен таанышып келишти. Кайрымдуулук ишинин алкагында балдарга белектер берилип, 3 миң сомдук азык-түлүктөр тапшырылды.

«Садака – балээни кайтарат демекчи аз болсо да чын ыклас менен мындай иш чарларды өткөрүүгө арекет кылып жатабыз», -деди айыл имамы.