Түп районунун баш имам хатиби Сары-Булуң айыл элине ысырапкерчиликтин шарияттагы ордун түшүндүрүп берди

Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев Сары-Булуң айылынын тургундары менен жолугуп, ысырапкерчиликтин шарияттагы ордун түшүндүрүп берди. Баш имам хатиб той өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчиликти токтотуу маанилүү экендигин билдирди.

«Жашоодо бардык нерсе өзүнүн өлчөмү  менен болот эмеспи. Ысырапкерчилик болгон жерде жакырчылык болот. Кур намысты таштап, бүйрө оокат кылганга үйрөнүшүбүз зарыл»,-деди Бакыт ажы Кайкиев.

Жолугушууга айыл башчысы Таалай Абышев, айыл имамы Турат Мамбетов жана айыл аксакалдары катышып, ысырапкерчиликти токтотуу боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Эскерте кетсек, ысырапкерчиликти токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери облус боюнча жүргүзүлө баштады.