Ысык-Көл облусунда диний кырдаал талкууланты

Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө кезектеги коллегиялык жыйын өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Каракол шаарынын  баш имам хатиби Талант ажы Сабриков катышты.

Жыйын алкагында облус аймагында кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштуулуктун алдын-алуу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы жана учурдагы аракеттери, облус аймагындагы дин маселелерин жөнгө салуу жана диний радикализмге, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын аткарган иштеринин жыйынтыгы каралды.

Өз кезегинде, облус Казысы Алмазбек ажы Сагындыков экстремизм жана террорчулук менен күрөшүүдө бардык мамлекеттик органдар бирдиктүү иш алып барып, коомчулук арасындагы түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.

«Бүгүнкү күнү ааламдагы эң бир көйгөйлүү маселелердин бири экстремизм, терроризм жана такфиризмдин коомчулукка тийгизген коркунучу эч кимге жашыруун эмес. Ислам дини тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, тазалыктын, ынтымактын, адилеттүүлүктүн, боорукердиктин дини. Кан төгүүнүн, зордук-зомбулуктун, адилетсиздиктин, бөлүп-жаруунун, талкалоонун дини эмес. Андыктан КМДБнын курамындагы райондук хатибияттар, имамдар бул жаатта түшүндүрүү иштерин талыкпастан улантып келишүүдө”,- деди облус казысы.