Ысык-Көлдөгү мыкты делген 18 азанчы 26-март күнү Чолпон-Ата шаарында өз күчтөрүн сынап көрүшөт

Ысык-Көл облустук казыяты “Мухаммад-Умар-Ош” коомдук бирикмеси менен биргеликте, шаар, райондук хатибияттарда азанчылар арасында конкурс өткөрүп, 30га жакын талапкердин арасынан мыкты делген 18 азанчыны тандап алышты.

«Талапкерлерди тандоодо көркөм жана тажвид эрежеси менен айтуусуна катуу көңүл бурулду»,-деди калыстар тобунун мүчөсү Талант ажы Сабриков.

Сынактын финалдык туру 26-март күнү Чолпон-Ата шаарындагы “Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.” атындагы мечитте өтүп, жеңүүчүлөрү республикалык сынакка жолдомо алышмакчы.