Баткенде аялдар үчүн түшүндүрүү иш чарасы өтүп, алардын турмуштук суроолоруна жооптор берилди

Баткенде аялдар  үчүн  диний маалыматтык түшүндүрүү иш чарасы өткөрүлдү. Жыйында облус казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров Ислам дининдеги аялдын орду боюнча лекция окуп, аялзатынын үйдөгү, коомдогу орду, келечек муунга туура тарбия берүүдөгү ролу, ысрапкерчилик туурасында баяндамасын жасады.

Ал эми иш чара алкагында  катышуучулар  кызыктырган суроолорун берип, учурдагы актуалдуу болуп турган маселелер боюнча маалымат алышты.

Белгилей кетсек, Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан  аялдар үчүн жумасына бир жолу ар түрдү темаларда сабактарды өткөрүп келет.