Майлуу-Суу шаардык хатибияты шаардагы 5 мектептин короосуна 150 түп мөмөлүү көчөт отургузушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык Майлуу-Суу шаардык хатибиятынын кызматкерлери «Бир момунга — бир дарак» акциясын башташып, бул жолу шаардагы №1-2-3-5-8 мектептердин  короолоруна алма, шабдалы, өрүк жана кокон гилас көчөттөрү отургузулду.

“Мектеп директорлору менен макулдашылып, 50түп алма, 40 түп шабдалы, 30 түп өрүк, 30 түп кокон гилас отургузулду. Мөмөлүү көчөттөрдү отургузууга демөөрчүлөр көмөк көрсөтүшүп, 8 миң сом сарпташкан. Жалпысы болуп 150 түп көчөт отургузулду”,-деди шаар хатиби Абсатар ажы Эркинбеков.