Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаардык казыяттары футбол талаасында беттеш өткөрүштү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасына  караштуу түштүк аймактык казыяттар арасында “Спорт ынтымакты, биримдикти бекемдейт” аталышындагы мелдеш уюштурулду.

Мелдешке Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Асанович, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Ош шаарынын, Жалал-Абад, Ош жана  Баткен облусунун казыят кызматкерлери катышты.

Бул күнү казыят кызматкерлери футбол талаасында беттеш өткөрүшүп,  жыйынтыгында Ош шаардык  казыяты 1-орунга озуп чыгып, кубокко ээ болду. Ал эми 2-орунду Жалал-Абад казыяты алса, 3-орунду Ош облустук казыяты багындырды.

Жеңишке ээ болгон жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан дипломдор тапшырылып, алкыштар айтылды.