Тоңдун баш имам хатиби диний маалыматтарды өз алдынча интернеттен албоо керектигин жаштарга түшүндүрдү

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов  Ак-Сай айылынын аксакалдары жана айыл имамы Жыргалбек Малабеков менен биргеликте мектеп окуучулары менен жолугушуп, терс диний агымдар, алардын азгырыктары туурасында маалымат берди.  Муну менен катар баш имам хатиб мектеп окуучуларын билимдүү болууга чакырып, интернеттен пайдалуу гана маалыматтарды алыш керектигин түшүндүрдү.

«Диний маалыматтарды өз алдынча интернет тармагынан албоо керек. Кандайдыр бир суроолор жаралса мечиттерге келип, расмий иштеген имамдардан сурагыла. Ислам дининде экстремизм, терроризмге жол жок»,-деди Таалайбек ажы Акунов.

Ал эми жолугушуунун соңунда айыл имамы Жыргалбек Малабеков окуучуларга уурулук, зордук-зомбулук, талап-тоноочулуктун шарияттагы орун айтып, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, ата-энени жана ата-мекенди сүйүүгө чакырды.