Ысырап

«Кыргыздар эмне үчүн байыбайт?» – деген суроону көп угам. Чын эле биз эмне үчүн байыбайбыз? Өз жерибизде башка улуттарга караганда жарды жашайбыз? Алардан биздин эмнебиз кем? Эмне, ошончолук эле жалкообузбу? Же табигий шарты оор, суусу жок боз чөлдө жашайбызбы? Же Күн тийбеген тундрада жашайбызбы? Алла Таала бизге бейиш сыяктуу керемет жерди ыйгарып берсе да бутубузга туруп кеталбай, көртирилигибизди оңдой албай, өлбөстүн күнүн көрүп жашап калдык. Жерибиз болсо, суубуз болсо, деги койчу байып кетерлик бардык шартыбыз, ыңгайыбыз туруп анан неге жакырлыкта, жетишпестикте жашоого көнүп баратабыз? Кыргыздын байыбай жаткандыгынын, менимче, бир эле кесепети бар. Ал чектен чыккан ашыкча ысырапкерчилик.

* * *

Бул жашоодо бардык нерсе өзүнүн чен-өлчөмү менен, өз орду менен, өз жолу менен болгондо гана тең салмактуулук, ырааттуулук, гармония бузулбайт. Ошондуктан ысырапкерчилик болгон жерде жакырчылык, кайдыгерлик болгон жерде түркөйлүк, мактанчаактык болгон жерде уятсыздык эриш-аркак жүрөт.

* * *

«Айдаганы беш эчки — ышкырыгы таш жарат», – деген сөз бар. Биз, кыргыздар, дээрибизден ошондой окшойбуз, кур намысчылык биротоло каныбызга сиңип калган экен. Той кылсак алыбызга карабай, сөзсүз дүңгүрөтүп кылышыбыз керек. Конок күтсөк төгүлүп, чачылып турушубуз керек. Дүйнөдө биздей меймандос эл жок деп шилекейибизди чуурутабыз. Жылдап тапкан дүйнөбүздү бир күндө сапырып ийип, олтуруп калабыз. «Тойдон кийин тон керек» деген нерсе таптакыр эсибизге келбейт. Кембагалдын бир тойгону – байыганы дегендей тим эле чөмүч да май, казан да май болуп жатып калат. Олчойгон карызга батып, анан мырзасынып эч кимге сыр бербейбиз. Дымагыбыз тээ асманда. Ошентип жашап качан оңолобуз? Тапкан дүйнөнү самандай ысырап кылып чача берүүнү токтотуу керек. Төгүлүп чачылган нерсенин убалы сөзсүз болот.

* * *

Заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы. Ашыкча чыгымдарга жол бербей эсеп-чот менен, баам-парасат менен, чен-өлчөм менен жашоого көнчү мезгил келди. «Каргага теңелем деп каздын буту сыныптыр» болбой , кур намысты коюп бүйрө оокат кылганга көнөлү. Бизге кошуна жашаган өзбек менен тажик туугандардан үнөмдөөнүн жол-жоболорун үйрөнөлү. Калп эле бардар, жоомарт, колу ачык болуунун кажети жок.

 

Автору: Эгемберди Эрматов