2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3000 АКШ долларын түздү. Төлөмдөр 14-марттан тарта кабыл алына баштайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация 3000 (үч миң) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт. 2018-жылы ажылык серверге катталып, 500$ (беш жүз) АКШ долларын төлөп кезек күтүп турган талапкерлер жана 2019-жылы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500(беш жүз) АКШ долларын жана кайтарымсыз 700 (жети жүз) сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталып, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькуляцияда көрсөтүлгөн  баадан калган 2500 (эки миң беш жүз ) АКШ долларын 2019-жылдын 14-мартынан  29-март (29-март кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысына ылайык төлөөлөрү зарыл.

Эскертүү: Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай, Лейлек, Баткен райондору. Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон, Сузак райондору. Чүй облусунун Токмок шаары, Москва, Ысык-Ата райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийген же квота тийбегендигин тизмеден тактап алгандан кийин гана калган төлөмдү РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен улам кезекке туруп калгандар бар.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн.

 

Ажылык боюнча суроолорго жооп алуу үчүн

Төмөнкү номурларга кайрылыңыздар 

тел:  0312 48-61-67,  0778/0558 /0708 48-61-67.