Ош шаарындагы “Козу кызы Бурмакан” атындагы аялдардын окуу борборунун студенттери ишембиликке чыгышты

Кечээ, 14-мартта Ош шаарындагы “Козу кызы Бурмакан” атындагы аялдардын окуу борборунун студенттери Ж.Раимбеков көчөсүндө жана  А.Масалиев көчөсүнөн борбордук базарга чейин актап, сырдоо менен акыр-чикирлерди  тазалашты.

Мындан сырткары бул күнү Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсундө жайгашкан №1 оорукананын,  №55 жана №68 көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын тазалашып, бак-дарактарды актап беришти.

“Ош шаарыдагы “Алай” мечитинин көчө тарабы толугу менен тазаланып, бак-дарактардын түптөрү жумшартылды”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Иш чарага Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, казыяттын мечит-медреселер жана окуу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз ажы Абдурахаманов жана “Козу кызы Бурмакан” атындагы аялдардын окуу борборунун мугилимдери жана жалпы студенттери катышты.