Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресесинде эмерек жасоону үйрөтүүчү курс ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресесинде эмерек жасоону үйрөтүүчү курс ачылды. Бул боюнча аталган медресенин мүдүрү Абдуразак Мамасалиев билдирди. Медресе мүдүрүнүн айтымында окуу курска бардык каалоочулар келип окуп, үйрөнүшсө болот.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы менен АВЕП коомдук фонду тарабынан “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында 42 студент бир жарым ай бою эмерек жасоону  үйрөнүшүп, сертификатка ээ болушкан.