Муфтияттын эмгек жамааты ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү тазалап, бак-дарактарды акташты (ФОТО)

Бүгүн, 16-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын эмгек жамааты Бишкек шаардык казыяты, Кыргызстан Ислам Университети жана шаардагы бир катар мечит жамааттары менен биргеликте ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү тазалашып, бак-дарактарды акташты.

Муну менен катар Бишкек шаарындагы карылар үйүндө дагы ишембилик иш чарасы өтүп, Муфтияттын жана Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери активдүү катышууда.

«Тазалыкты сакташыбыз керек. Өлкөбүздүн тазалыгына баарыбыз жооптуубуз. Ислам дини тазалыка үндөйт. Ыймандын жетимиштен ашык бутактары бар болсо, алардын эң төмөнкү даражасы жолдогу адамдарга ыза берүүчү нерсени алып коюу»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев.