Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Жаңы Зеландиядагы окуяга байланыштуу көңүл айтты

Жаңы Зеландиядагы эки мечитте жума намазы учурунда болгон кол салуудан 49 киши өлүп, 20дан ашууну жаракат алды.

إنا لله و إنا إليه راجعون
Инна лиллаахи ва инна илайхи роожиуун!
Албетте, биз Алла Таалага таандыкпыз жана шексиз Ага кайтабыз!
Алла Таала курман болгон мусулман бир туугандарыбызды Өз ырайымына бөлөп, бейишинин төрүнөн жай берсин!

Бүгүнкү Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Ал-Нур» мечитинде жана Линвуд шаарынын чет жакасындагы мечитке болгон кол салуу — бул мусулмандар үчүн чоң жоготуу болду. Бул жөн гана исламофобиянын кыймыл аракети эмес, балким, мусулмандардын реакциясын күчөтүп радикалдуулукка түртүү жана радикализмдин жаңыдан жандануусу үчүн түзүлгөн бир иш аракет!
Ошондуктан элибиздин жана мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн кайгыбыз канчалык ташкындап, жан кейип турса дагы, мусулман бир туугандарыбызды сабырдуулукка чакырабыз.

Бул окуяга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Жаңы Зеландия өкмөтүнө жана өлкө мусулмандарына кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайгы-муңдарын тең бөлүшөбүз.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев.

 

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши.
Бишкек шаары,
15-март 2019-жыл.