КӨҢҮЛ АЙТУУ: Жаңы Зеландиядагы мечиттердеги кол салуу мусулман үммөтү үчүн оор жоготуу жана орду толгус кайгы- Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Ал-Нур» мечитинде жана Линвуд шаарынын чет жакасындагы мечиттерде жума намазы учурунда болгон кол салуудан 49 жаран көз жумду. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана өзүмдүн атымдан маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул кол салуу мусулман үммөтү үчүн оор жоготуу жана орду толгус кайгы. Сабырдуулук касташуудан алыстоого умтултат. Биз Жараткандан мусулман үммөтүнүн тынчтыгы, биримдиги жана ынтымагы үчүн дуа кылып, болгон окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн жалпыбыз Алла Тааладан тилешибиз керек.

Ал эми 20 ашуун жарат алган бир туугандарыбызга Алла Тааладан шыпа жана  тез сакайып кетүүнү тилейбиз.

Терең кайгыруу менен көңүл айтып,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев